АЙРЫ КУЙРУКТАР
Jump to navigation
Jump to search
АЙРЫ КУЙРУКТАР (Milvus) – жырткыч куштардын карчыгалар уруусу. Уз. 70 смге чейин. Куйругу кыска, учунун ортосу оюк (аты ушундан); 2 түрү бар, алар Евразия, Африка ж‑a Австралияда кездешет; Кыргызстанда тоолордо жана өрөөндөрдө таралган. Тарп ж‑a майда кемирүүчүлөр, куштар, кескелдириктер менен азыктанат. Жаратылышты тарптардан тазалоочу куш. А. к‑дын чоң топтору жазында ж‑a күзүндө учуп өтүшөт. Уясын токойлуу тоодогу бийик дарактарга же аскаларга салат. 2‑3 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат.