АЙЛАНМА КАПИТАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– өндүрүштүн цикли аяктаганга чейин айланчу өндүрүш каражатта­ры; А. к. туруктуу капиталдын (сырьё, матери­алдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрулмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. А. к. наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги жана айланма болуп бөлү­нүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жү­гүртүү капиталына (товардык жана акча) кир­бейт. А. к‑ды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товар дык же соода капиталы катары караган. Д. Ри кардо А. к‑ын жумушчу күчүн сатып алууга жум­шалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы А. к. түшүнүгүн бөлүп ка­рабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капи талы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк актив­дерди түшүндүрөт, к. Айланма каражаттар.