АЙКИДО
АЙКИДО (япончо – күчтү топтоо жолу)– чыгыштын өзүн‑өзү коргоо боюнча жекеме‑жеке күрөшүү чеберчилигинин япониялык түрү. А‑ну япониялык мастер Морихей Уесиба самурайлардын аскер иск‑восунун негизинде спорттун бир түрү катары иштеп чыккан (1920‑30‑ж). А. жоокердик кесиптин чеберчилиги катары өзүнө кэндо, бодзюцу, джиу‑джицу сыяктуу бир нече стилдерди камтыйт. Мында каршылашынын аракетин өзүнө бурдуруу максатында чабуулдап жана кайра кармоодон тез кетүү пайдаланылат. А‑нун ыкмаларынын жети жүз жыл-
дык тарыхы бар, түпкү тамыры самурай доорунан башталат. А. ыкмалары ар тараптан келишкен, адамдын денесин жана анын руханий жактан өсүшүн көздөйт. А. бул табият менен адамдын тыгыз байланышын көрсөтүүчү система деп айтылат. Мында адам өзүнүн психикасынын тереңиндеги касиеттерин даана көрсөтө ала турган таймашуунун жагдайлары топтолгон. Кыргызстандын А. федерациясы 1995‑ж. Бишкекте түзүлүп, 1996‑жылдан А‑нун Бүткүл дүйнөлүк борбору – Айкикай Хомбу Додзе (Токио, Япония) тарабынан таанылган. Кыргызстанда бүгүнкү күндө А. башка чыгыш таймашууларынын катарында өнүгүүдө.