АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРЫМ АРАЛДАРЫ К а р и б а р а л д а р ы (англ. Windward Islands, исп. Islas Barlovento) – Кариб деңизиндеги аралдар тобу, Кичи Антил аралдар архипелагынын чыгыш бөлүгү. Вест Индияда, Виргиния жана Тринидад а‑нын аралыгында жайгашкан. Ири аралдары: Гваделупа, Мартиника, Доминика, Гренада, Сент‑Винсент, Антигуа ж. б. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 1447 м, Доминика а‑нда). Ара­кеттеги жанар тоолор бар. Тропиктик климат өкүм сүрөт. Бал камыш, цитрус өсүмдүктөрү, кофе, какао, банан плантациялары бар. А. а‑нда жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Гренада, Доминика, Сент‑Винсент жана Гренадина, Сент‑Люсия, о. эле Улуу Британия, Франция, Нидерланддын ээликтери бар. Жалпы аянты 6 миң км2. Калкы 1,3 млн (1990). Негизги шаарлары – Фор‑де‑Франс (Мартиника а‑нда), Пуэнт‑а‑Питр жана Бас‑Тер (Гваделупа а‑нда), Кастри (Сент‑Люсия а‑нда). Аралдар­дын түн.-чыгыш пассат шамалына карата ачык жайгашуусунан улам ушундай аталып калган.