АЙДАРКУЛ КААНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:08, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРКУЛ КААНА (1953‑ж. т., Чүй обл., Ысык‑Ата р‑ну, Юрьевка айылы) – тарыхчы, тарых илимд. доктору (1994), проф. (1997). Милициянын полковниги. 1976‑ж. КМУну бүтүргөн. 1976–80‑ж. В. В. Маяковский атн. кыргыз кыз‑келиндер ин‑тунда лаборант, окутуучу, доцент, проф., 1980–94‑ж. КРдин Ички иштер министрлигинин академиясында жооптуу кызматкер, 1994–2004‑ж. И. Арабаев атн. КМУда окутуучу‑проф., 2004–07‑ж. КРдин Ички иштер министрлигинин академиясында кафедра начальниги, проф., окуу иштери б‑ча начальниктин орун басары, 2007–15‑ж. кафедра начальниги, 2015‑жылдан И. Арабаев атн. КМУда ф‑ттин проф. Кыргыз милиция кызматкерлеринин аялдар ассоциациясынын президенти. Эмгектери негизинен эл аралык мамилелер тарыхын, саясат таануунун маселелерин изилдөөгө багытталган. 100төн ашуун ил. эмгектери жарыкка чыккан. «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер» (2018). «Кыргыз милициясынын отличниги» (2012). «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» (1995). КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган. Эмг.: Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и современность. Б.,2002, Правовые основы кыргызской милиции.
В соавторстве. Б., 2004, Права человека и массовые беспорядки. Б., 2010.