АЙБИЭМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (3), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙБИЭМ (IBM) (англ. IBM CORPORATION) мааыматтарды иштетүү жана жиберүү каражаттарын өндүрүү б‑ча дүйнөдөгү эң ири корпорация. «Эл аралык бизнес машина» IBM АКШда 1911‑ж. негизделип, башка ат менен аталган. Азыркы аты 1924‑ж. ыйгарылган. Бул жылдары IBM ар түрдүү жабдууларды жана маалыматтар түркүмү (семействолор) системасын иштеп чыккан. Алгач өзгөчө IBM 360/370 база компьютери кеңири таралган. Жыйналган тажрыйбалардан улам 1990‑ж. ES/9000 түрүндөгү компьютер менен жабдуу башталат. ІВМдин стратегиялык иштеп чыгуулары төмөнкүлөр: Nways арх‑расы, кең тилкелүү тармак арх‑расы, видеографика матрицасы, коммутацияланган виртуалдык тармак, жиберүүнүн пакеттик жолу, киргизүү системасы жана кабар маршруттоо, FORTRAN тили. Тармак башкаруу платформасы Karat тармакта иштетүү системалар көптүгүн
башкарууга мүмкүндүк берет. Структураланган аталыштар тили берилиштер базасы менен натыйжалуу иштөөнү камсыз кылат. IBM жарыш иштетүү каражаттуу суперкомпьютерлерден жеке компьютерге чейинки жана жеке электрондук ассистенттердин кеңири номенкулатурасын чыгарат. Колдонмо программалар комплекстерин иштеп чыгууга көбүрөөк көңүл бурат. Мындай комплекстерге иш кагаздарын автоматташтырууну камсыз кылган колдонмолор, видеофильмдерди жана бардык берилиштер түрүн камтыган интегралдаштырылган берилиштер базасы кирет.

Өмүралиев А. С.