АДИНАМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>, ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДИНАМИЯ (гр. adynamia – алсыздык) – эс‑акылдын, психикаиын, кыймыл системасынын начарлашынан күч‑кубаттын өтө төмөндөшү. А. жугуштуу ооруларда, гипоксияда, эндокрин безинин иши, көбүнчө борб. жана четки нерв системасында, булчунда зат алмашуу бузулганда болот. A‑да активдүүлүк азайып, энергия аз сарпталып, орган жана ткандарга кан жетишсиз келип, кычкылтек менен камсыз болуу начарлайт, капиллярларда кан жай агат. Кыймылсыздыктан булчуң кичирейип, сөөк ичкерип бузулат. Сөөктүн курамындагы кальций азайып, зат алмашуу бузулгандыктан май ткандары көбөйөт. Мында адам тез чарчайт, жүрөк булчуңунун жыйрылуусу төмөндөйт. А. жаш дененин өсүшүн токтотот, адамды эрте картайтат. Оорунун кесепетинен болгон A‑да атайын айыктыруучу дене тарбия көнүгүү комплекси сунуш кылынат.