АДЕНАУЭР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:54, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЕНАУЭР Конрад (5. 1. 1876, Кёльн, Герман империясы – 19. 4. 1967, Бад‑Хоннеф, ГФР) – Германиянын саясий жана мамл. ишмери. ГФРди негиздөөчүлөрдүн, анын Негизги мыйзамынын (конституциясынын) авторлорунун бири. 1917–33‑ж. Кёлнь ш‑нын обер‑бургомистри, 1920–32‑ж. Пруссия Мамл. кеңешинин төрагасы, Веймар Респ‑нын (1919–33) тушунда «Ортолук» партиясынын көрүнүктүү ишмери болгон. Фашисттер бийликке келгенден кийин А. мамл. кызматтардан четтетилип, 1944‑ж. Гитлерге каршы козголоңдон кийин камакка алынган. Согуштан кийин А. ГФРдин алгачкы федералдык канцлери (1949–63), тышкы иштер министри (1951–55) болуп иштеген. Хрис­тиан‑демокр. союздун (1946) негиздөөчүлөрүнүн бири жана 1950‑жылдан анын төрагасы. А. согуштан кийинки Германиянын экономикасын өнүктүрүүдө жана демократиялуу мамлекетке айландырууда зор салым кошкон. Анын башкарган мезгили ГФРдин тарыхында «Аденауэр доору» аталып калган.

	                                                                                 А. Орозов.