АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАМДЫН СОЦИАЛДЫК УКУКТАРЫ – мам­лекеттин белгилүү шарттарда адамга кайсы бир даражада материалдык убай көрүүгө мүмкүнчү­лүк берүүчү конституциялык укуктарынын жы­йындысы. А. с. у‑на социал. камсыздоо, билим алуу, саламаттыгын сактоо, мед. жардам алуу, турак жайга болгон укуктары, балдар менен эне­лердин, майыптардын өзгөчө укуктары кирет. А. с. у. конституциялык деңгээлде дүйнөнүн бардык эле өлкөлөрүндө бекитиле элек. Алар алгач азыркы көз карандысыз шериктеш мам­лекеттердин конституцияларында бир кыйла толугураак жарыяланган. Айрым өнүккөн де­мокр. (ГФР, Франция, Италия), о. эле өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө (Монголия, Болгария, Венгрия, Албания, Бириккен Египет Республикасы ж. б.) конституциялык деңгээлде экинчи дүйнөлүк согуштан кийин гана бекемделе баштаган, бирок алардын реалдуу гарантиялары, сот тарабынан корголушу көрсөтүлгөн эмес. А. с. у. өз алдынча болбостон конституциялардын социал., экон. саясатынын негизги принциптерине арналган айрым бөлүктөрүндө жайгаштырыл­ган.

М. Керимбаев.