АДАЛ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:51, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАЛ, х а л а л (ар. ‒ «эркин», «байланба ган») ‒ шарият мыйзамдары б-ча адамга уруксат этилген, ислам этикасына жооп берген иш-аракеттер, нерселер: 1) жегенге жарамдуу азык-түлүк; 2) адамдын ички тазалыгы; 3) таман акы, маӊдай тер менен табылган киреше; 5) ажылыкка барып келип, кайрадан өз ишине кайрылып, күндөлүк турмушта жашоосун уланткан адамдын абалы ж. б. Башкача айтканда исламда тыюу салынган иш-аракеттерге карама-каршы түшүнүк, к. Арам, х а р а м.