АВТОТЕРМЕЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

‒ сырткы өзгөрмөлүү күч аракет кылбаса деле кандайдыр бир системадагы басаӊдабоочу термелүү. Анын амплитудасы, жыштыгы, мезгили ошол термелүүчү системанын гана касиеттерине көз каранды болот. «А.» терминин 1928-ж.орус физиги А. А. Андронов

Электр коӊгуроосу: А ‒ балкачалуу пружина; В ‒ электрмагниттин темир жүрөкчөсү; С ‒ ачкыч (коӊгуроонун баскычы); D ‒ батарея; Е ‒ жөндөгүч.

киргизген. Ал принципиалдуу түрдө термелүүнүн башка түрлөрүнөн айырмаланат. Мис., аргасыз термелүүдө бул термелүүлөр болуп турушу үчүн системага сырттан мезгил-мезгили менен аракет этүүчү күч талап кылынат. А-гө мисал катары сааттын маятнигинин термелүүсү, электр коӊгуроосун жана радиотехникалык генератордогу электр термелүүлөрүн караса болот. Термелүү басаӊдабаш үчүн булактан системага берилген энергия анын сарпталган энергиясын толуктап туруусу зарыл. Мындай толуктоо жалпысынан термелүүнүн ар бир толук мезгилинде болуп турат. А-нү пайда кылуучу система энергия булагынан үзгүлтүксүз энергиянын келип турушун жөнгө салуучу түзүлүштөн турат. Мис., саатта маятник ‒ термелүүчү система, пружина ‒ энергиянын булагы, анкер энергиянын маятникке келишин жөндөйт.