АВСТРОНЕЗИЯЛЫКТАР
АВСТРОНЕЗИЯЛЫКТАР ‒ австронезия тилинде сүйлөгөн эл, Тайвань а-нын жерг. калкы (гаошандар). Түш. Чыгыш Азиянын чамдары, индонезиялыктар жана филиппиндиктер, чыгыш тиморлуктар, малайзиялыктар, сингапурлуктар, малагасийлер, полинезиялыктар, меланезийликтер, микронезиялыктар брунейликтер ж. б. Саны 400 000 000 киши (2016). А. деңизде сүзүү технологиясын (катамаран, балансирлөөчү кайык, үч бурчтуу парустук кайык ж. б.) ойлоп табышкан, бул алардын Индия жана Тынч океанындагы аралдарга тезирээк жайгашышына шарт түзгөн. Б. з. ч. 5–4-миң жылдыктарда А. жамааты ыдырай баштаган. Айрымдары Япон а-на көчүп кетип, алар менен ассимиляцияланган. Б. з. ч. 4–3-миң жылдыкта А. Филиппин а. аркылуу Малай архипелагына жайгашып, Жаңы Гвинеянын түн. жээгине чейин жетишкен. Андан ары Бисмарк архипелагына, Фиджи жана Тонга а-на, Полинезия, Микронезия, Малайзия жана Индокытай ж. аралдарына отурукташкан. Негизги кесиби ‒ дыйканчылык, мал чарбачылык жана балык уулоочулук.