АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:35, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВСТРАЛИЯ ТИЛДЕРИ ‒ Австралиянын жергиликтүү элдеринин тили (бардыгы 600дөн ашуун тил, алардын ичинен 450гө жакыны кийинки 100 жыл ичинде жоюлуп кеткен).. Типологиялык жактан Австралия тилдери мүчөлөмө (тагыраак айтканда, префикстешүүчү-суффикстешүүчү жана суффикстешүүчү) тилдердин тобуна кирет. Префикстешүүчү тилдер континенттин түндүгүндө (Арнемленд, Кимберли жарым аралында, Дампирдин жеринде), ал эми суффикстешүүчү тилдер Австралиянын калган бөлүктөрүнө, ошондой эле Арнемленддин түштүк-батышына жана Кейп-Йорк жарым аралына тараган. Анын жазмасы жок. Австралия тилдеринин тектештиги далилденбеген жана аны изилдөө негизинен 20-кылымдан башталган.