АВИАЦИЯ ОТУНУ
АВИАЦИЯ ОТУНУ– учуучу аппараттын кыймылдаткычынын күйүү камерасына жылуулук энергиясын алуу максатында аба менен кошо киргизиле турган күйүүчү зат. Ал авиация б е н з и н и [бышкектүү (поршендүү) кыймылдаткыч үчүн ] жана реактивдүү отун (газ-турбиналуу кыймылдаткыч үчүн) болуп бөлүнөт. Нефтиден алынат, мис., авиация бензини – бышкектүү авиациялык кыймылдаткыч үчүн ылайыкталган октандык саны жогору бензин. Реактивдүү отун авиакеросиндин негизинде иштелип чыгат. А. о. катары синтездик, криогендик ж. б. отундун түрлөрүн колдонуу б-ча изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. СССРде 1987-88-жылдарда суюк бутан менен Ми-8Т вертолётуна, ал эми 1988-90-жылдарда суюк суутек жана метан менен Ту-155 самолётуна сыноолор жүргүзүлгөн. А. о. металл жана металл эмес материалдарды дат бастырбай, курамында мех. кошулмалар, суу болбошу керек. А. о. таза күйүп жана бийиктиктеги төмөнкү темп-рада коюланбашы үчүн анын тоңуу чекити абдан төмөн болот.