АБЫЛАЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:31, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (7), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (10)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБЫЛАЙ, өз аты Абилмансур (1711, Казак хандыгы, Түркстан – 23. 5. 1781, Казак хандыгы, Ташкент) – казак элинин саясий жана мамл. ишмери; Орто жүз казактарынын султаны, казак ханы (1771-жылдан). 18-к-дын 30-ж-нын аягынан саясий иштерге аралаша баштаган. Жунгар хандыгынын баскынчылык согуштарына каршы күрөшкө жетекчилик кылган. 1740-ж. Абулмамбет хан менен Оренбург администрациясында Россиянын букаралыгын кабыл алууга ант берген. 1742–43-ж. калмактарга колго түшүп, Галдан Церендин туткунунда жаткан А-ды куткарып чыгууда К. Миллер жетектеген орус элчилиги чоң роль ойногон. 1751–52-ж. А. Жунгар башкаруучуларынын ич ара жаңжалдарына кийлигишип, Давацинин бийликти тартып алышына көмөктөшүүгө аракет кылган. 1755-ж. Цин-Кытай империясынын Жунгариянын басып алышынан улам башталган Амирсананын көтөрүлүшүнө А. колдоо көрсөткөн. Казак конуштарына бир ирет кирип келген, Амирсананы кармап келүүгө жөнөтүлгөн Цин отряддарына А. Бөкөмбай баатыр менен бирге сокку урган. 1757-ж. Амирсананын көтөрүлүшүнө колдоо көрсөтүүдөн натыйжа чыкпастыгына көзү жеткен А. Кытай менен мамилени жөнгө салууга аргасыз болуп, Кытай императоруна элчилерин жөнөткөн жана Жунгар маселеси б-ча бейтараптыкты сактай тургандыгын билдирген. 18-к-дын 50–60-ж-нда Орто жүздөгү бийлик иш жүзүндө А. султандын колуна өткөн жана Абулмамбет хан номиналдуу гана башкаруучу болуп калган. А. Орто жүздөгү бийлигин чыңдаган соң 1760-ж-дын орто чендеринде кыргыздарга, Ташкентке жана Коконго жүрүш жасаган. Анысы ийгиликсиз аяктап, жарадар болгон А. Түркстандын жанындагы Кара-Тоого кайтып келген, баласы туткунда калган. А. Коконго каршы Кытайдан жардам сурап, өз элчисин жөнөткөн. Император А-дан уулун аманатка беришин талап кылган. Аманатка жөнөтүлгөн Валини Кытай бийликтери кабыл албай, Абылайдын мындай аракетин атак-даңк издөө катары баалап, жардам көрсөтүүдөн баш тартышкан. 18-к-дын 60-ж-нда А-дын бийлиги Орто жана Улуу жүз казактарына тарап, Кичүү жүздүн хандары да аны менен эсептеше баштаган. 1771-ж. Абулмамбет хан өлгөндөн кийин А. казак султандарынын катышуусу менен хан шайланган. А. өтө каардуу башкаруучу болгон жана өлүм жазасына тартууну жеке өзү чечкен. Тышкы саясатында Кытай жана Россиянын ортосунда ийкемдүү мамилени кармоого аракет кылган. Бухара жана Хива хандыктары менен тыгыз байланыш түзгөн. Россия А-ды өзүнүн таасиринде кармаганга абдан далалаттанган. 1777-ж. орус бийликтери эгер А. кат жүзүндө кайрылса, анда хандык даражасын тааный тургандыгын билдиришкен. Ушуга байланыштуу А. уулу Тогумду Петербургга элчиликке жөнөткөн. Бирок Екатерина II А-дын Улуу жана Кичүү жүздөрдөгү бийлигин тааныгысы келбей, Орто жүздүн гана ханы деген грамотага кол коюп, жөнөтүп жиберген. Буга нааразы болгон А. Россияга ант берүүдөн баш тарткан. Бирок өзүлөрүнүн таасиринен чыгарып жиберүүдөн чочулаган орус бийликтери жыл сайын Абылайга 300 рубль жана 200 пуд ун төлөп турууну чечишкен. Россиянын мындай аракеттерине карабастан, А. алар менен мамилесин таптакыр үзүп салган. А. хан кыргыздарды өзүнө каратып алуу саясатына өткөн. 1774-ж., 1779–80-ж-дагы жортуулдарында А. хан кыргыздардан аманат алып, өзүнүн таасиринде кармаганга аракет кылган. А-дын жортуулдарына каршы турган кыргыздар өз алдынчалыгын сактап калган. А. хан 1881-ж. Ташкенттен Түркстанга кайтып келаткан жолдо кайтыш болгон. Хандын сөөгү Түркстандагы Кожо Ахмед Йасавинин күмбөзүнүн жанына коюлган.
Ад.: История Казахстана. Т. 3. А., 2000; Казахскорусские отношения в XVI-XVIII вв. Сб. док. и материалов. А.-А., 1961.
Т. Асанов.