АБУСИР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУСИР – б. з. ч. 3–1-миң жылдыктын ортосу ченде Нилдин сол жээгинде, Каирдин (Египет) түш.-батыш жагында тургузулган египет некрополу (Мемфистеги некрополдордун бири). 1898–1908-ж. нем. археологу Л. Борхард, 1960-жылдан чех. экспедициясы (М. Вернер, Л. Бареж) ж. б. тарабынан изилденген. V династиянын фараондорунун пирамидалык комплекстери (анын ичинде династияны негиздөөчү Хентакаус ханшанын пирамидасы; пирамиданын жанындагы храмдардан папирустук архивдер табылган) жана дубалга түшүрүлгөн сүрөт-жазуулар жана скульптуралар, рельефтери менен масштабдар; V династиянын падышасы Усеркафтын күн храмы, Соңку падышачылыктын шахталык табыттары (анын ичинде XXVI династиянын чиновнигинин уурдалып-тонолбогон табыты, кооздолгон саркофаг, идиштер, эмерек ж. б.) жайгашкан.
Ад.: Вернер М. Древний Египет: загадки и открытия. Вестник древней истории. 1991. №1; Verner М. Forgotten pharaohs, lost piramids: Abusir. Praha, 1994.