АБУ БЕКР КЕЛЕВИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУ БЕКР КЕЛЕВИ (т. ж. белгисиз – 1366) – 1365–66-ж. Самаркандда болгон сарбедарлардын монголдорго каршы көтөрүлүшүнүн жетекчилеринин бири, самарканддык кол өнөрчү Могол ханы Ильяс кожонун 1365-ж. Мавераннахрга жасаган жортуулунда Самарканд эмиринин аскерлери жеңилип, шаардан качып кеткен. Ошондо Самарканддын А. Б. К. башчылык кылган сарбедарлар (фарсча – дарга баш тоскондор) монголдорго каршы көтөрүлүп, аларды чегинүүгө аргасыз кылган. Самаркандда бийлик сарбедарлардын колуна өтөт. Бирок качып кеткен эмир Хусаин сарбедарларды алдап, көтөрүлүш жетекчилерин, алар менен бирге А. Б. К-ни да даргага асып өлтүртөт да, Самаркандда өз бийлигин кайра калыбына келтирген.