АБДЫКАЛЫКОВ Жолдошбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДЫКАЛЫКОВ Жолдошбай (21. 5. 1935, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл р-ну, Таштак айылы – 31. 11. 2002, Бишкек) – акын, котормочу, Кырг-н Ленин комсомолу сыйл. лауреаты, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. ишмер (1985). КМУнун филология ф-тин бүтүргөн. Туңгуч ырлар жыйнагы «Жылдызстан» 1961-ж. жарык көргөн. А. - «Бакыт гүлдөрү» (1963), «Жашоо бүтпөйт» (1965), «Кош жылдыз» (1967), «Ак толкундар» (1968), «Түнкү серенада» (1969), «Таштагым менин, Таштагым» (1970), «Теребел» (1970), «Дүйүм дарак» (1973) ырлар жыйнагынын автору. Ал ырларын классикалык кыргыз поэзиясынын салты менен жазган. Күндөлүк турмуш чындыгын нукура реалисттик боёктор менен туюнтууга умтулган анын ырларында, поэмаларында атуулдук пафос, патриотчул эргүүлөр, тунук лиризм жыш учурайт. Ырлары чет тилдерге которулган. А. С. Пушкин, М. Ю. Лермонтов, Т. Г. Шевченко, В. В. Маяковскийдин жана Бангладеш, Латын Америка акындарынын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.