«АКБЕРМЕТ» поэмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АКБЕРМЕТ» - элдик поэмалары­нын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны жана анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. Акбермет Карагул кызы 1899‑ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлөт.