АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:36, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ– аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп м-н ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия ж-а флоттун запасындагы 18–50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия м-н флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, о. эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19–40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры м-н аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.