АСКЕР ПАРАДЫ
Jump to navigation
Jump to search
АСКЕР ПАРАДЫ--(лат. раго – даярдап жатамын, даярдоодомун) – мамлекеттик ж-а аскердик маанилүү окуялардын, расмий мааракелердин урматына согуштук техниканын коштоосунда аскерлердин салтанаттуу өтүүсү. Эң ири А. п-нын бири 1945-ж. 24-июнда Москвадагы Кызыл Аянтта фашисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңиштин урматына өткөрүлгөн Жеңиш парады болгон. КРде мамл. маанидеги иш-чараларды белгилөөдө өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катышуусундагы А. п. өткөрүлүп турат. 2006-жылдын 24-мартында Бишкек ш-нда борб. Ала-Too аянтында элдик революциянын жыл-
дыгынын урматына салтанаттуу А. п. өткөрүлдү.