АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:24, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЙЫЛ ЧАРБА КООПЕРАЦИЯСЫ – а. ч. товарларын өндүрүүчүлөрдүн экон. ж. б. керек­төөлөрүн канааттандыруу максатында өндүрүш­түк же башка чарбалык иш үчүн акчалай баа­ланган алардын мүлктүк, үлүштүк мүчө акыла­рын бириктирүүнүн негизинде уюшулган ык­тыярдуу бирикме. Кооператив ыктыярдуу не­гизде түзүлөт ж‑a мүчөлөрүнүн саны жетиден кем болбоого тийиш. Анын мүчөлөрүнүн жер үлүшү өз менчигинде калат ж‑a кооперативге ижарага гана берилүүгө тийиш, о. эле мүчөнүн үлүштүк акысы кооперативдин фондуна акчалай төгүлөт. Үлүштүк мүчөлүк акы катары мал, а. ч. техни­касы, акчалай наркы бар башка мүлктөрүн ко­шууга болот. Кооператив ишинин түрүнө жара­ша өндүрүштүк, кайра иштетүүчү ж‑a сервистик болуп түзүлүшү мүмкүн. Өндүрүштүк кооператив­де а. ч. продукциялары биргелешип өндүрүлөт. Кайра иштетүүчү кооперативде а. ч. продукция­сы кайра иштетилип, жаңы азык‑түлүк алы­нат. Сервистик кооператив а. ч. продукцияла­рын сатуучу, о. эле аны сактоо, сорттоо, тадгак­тоо, кургатуу, жууп‑тазалоо, бөлүштүрүү, ташуу, мелиорация лык, унаа м‑н камсыздоо, курулуш, ветеринардык жактан тейлөө, жер семирткич­терди ж‑a химикаттарды колдонуу б‑ча иштер­ди, и л.-консультация лык, маалыматтык, мар­кетингдик ж. б. кызматтарды аткарат.

А С. Ажыбеков.