АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:04, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯЛЫК БУЛАКТАР– байыркы адамдардын турак жайлары, эмгек куралдары, көрүстөндөр, аска-таштардагы сүрөттөр, жазуулар, шаар калдыктары ж. б. материалдык эстелик даректери. А. б. байыркы элдердин, коомдордун социал.-экон., саясий тарыхы, этногенези, элдердин байланышы, руханий мад-ты, каада-салты б-ча баалуу маалымат алып жүрүүчүлөр болуп саналат. Бул даректердин маалыматтарын тактоо, ырастоо үчүн материалдык калдыктардын үстүндө иштөөнүн өзүнчө ыкмасы иштелип чыгат. Мис., типологиялык изилдөө, классификациялоо, доорун аныктоо методологиялары, археол. мад-ттарды системалап бөлүү, салыштырма анализ жүргүзүүлөргө таянган ыкмалар. Натыйжада, байыркы калдыктардан археология үчүн зарыл маалымат алынат. Ушундан кийин археол. табылга-буюм – материалдык булакка айланат.
К.Табалдиев.