АЛЫШ СЫМАП КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:02, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЫШ СЫМАП КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Үч-Коргон кыш-нан 8 км, Кызыл-Кыя ш-нан 15 км түш.-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деңиз деңг. 1200-1500 м бийиктикте жайгашкан. 1962-92-ж. мезгил-мезгили м-н издөө ж-а чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат терригендик тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы акиташ ж-а аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероид ж-а акиташ-жаспероид брекчия тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орт. өлчөмү 0,24%. Кенташтын Сг категориясы б-ча запасы 92,5 миң т сымаптыкы 222,2 т.