АРКТИКАЛЫК РАСА
Jump to navigation
Jump to search
АРКТИКАЛЫК РАСА (эскимос расасы) – монголоид расасынын курамындагы кичи раса. Евразиянын (Камчатка, Чукотка) түн.-чыгыш зонасында, Түн. Америкада (Аляска, Түн. Канада) ж-a Гренландияда (эскимос, алеут, чукча, коряк, ительмендер) кеңири тараган. А. р. Американоиддик раса, Чыгыш Азия (ыраакы чыгыш расасы) тынч океандык монголоиддер ж-а Азия (түндүк азия расасы) аймактарындагы монголоиддердин аралашуусунан пайда болгон өткөөл раса. Алар булчуңдуу келип, түндүказиялык монголоиддерден шыңга бойлуу, денелери кара тору, беттери жайык, эриндеринин калыңдыгы м-н айырмаланат.