АРГАСЫЗ ЗАРЫЛДЫК
АРГАСЫЗ ЗАРЫЛДЫК– жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу жагдайлардын бири. А. з. абалында, б. а. ушундай кырдаалга туш болгон адамдын же башка адамдардын инсандыгына же укуктарына, коомдун ж-а мамлекеттин кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту жоюу үчүн укук м-н корголуучу таламдарга зыян келтирүү, эгер бул жагдайларда коркунучту башка каражаттар м-н жоюуга мүмкүн болсо, келтирилген зыян тартылбаган зыяндан кыйла аз болсо, кылмыш деп табылбайт. Жазык кодексинде каралган эки топко бөлүнгөн бир катар шарттар аткарылышы зарыл. Биринчи топ – олуттуу коркунучтун булактары: а) табигый күчтөрдүн аракетинен (жер титирөөдөн, селден, суу ташкынынан, өрттөн ж. б.), адамдардын, механизмдердин, айбанаттардын аракетинен ж-а кыймылынан болушу; б) олуттуу коркунучтун тикелей ж-а шексиз болушу зарыл. Экинчи топ – олуттуу коркунучту жоюуга болгон аракеттенүү шарттары: а) олуттуу коркунучтун башка жол м-н жоюлбашы; б) корголуп калган таламдар зыян келтирилген таламдарга караганда кыйла баалуу ж-а маанилүү болушу ж. б. Ушул себептен А. з. кылмыш өлчөмдөрүнүн белгилерине туура келсе да, кылмыш болуп эсептелбейт. А. з-ка дуушар болгон адамдын аракетинде кылмыштын эң негизги белгиси – коомго коркунучтуулугу жок.
К. Бодобоев, К. Курманов.