АРАМЗА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:53, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМЗА ТООСУ– Суусамыр тоосунун түн. тармагы. Арамза ж-а Суусамыр сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34-36 кмге созулуп жатат. Туурасы 7-9 км. Орт. бийикт. 3300-3600 м, эң бийик жери 3892 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колот, өрөөндүү. Тоонун бийик бөлүгү ордовиктин гранит интрузияларынан, Суусамыр өрөөнүнө караган жапыз бөлүгү палеоген м-н неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Талаяж-а шалбая (2800-3000 жге чейин), андан жогору альп шалбаясы, субниваль ж-а ниваль ландшафттары басымдуу. Жайыт.