АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:35, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАМ-СУУ УРАН КЕНИ--Чүй обл-нун Жайыл р-нунда, Суусамыр суусунун оң куймасы Арам-Суу суусунун сол жээгинде, Суусамыр кырка тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 2700–3200 м бийиктикте. 1959-ж. табылган. 1959–63-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун гранит-порфир кичи интрузиясы ж-а кварцтуу порфирлердин дайкалары м-н жирелип, девон-карбон мезгилинин кумдукгравелит-сланецтер катмарларынан түзүлгөн. Уран минералдашуусу гранит-порфирдин экзоконтактасындагы чополуу сланецтин талкаланган, жаракаланган зоналары м-н байланышкан. Кенташтануу (рудалануу) минералдашкан зоналар тибине, уранит-сульфид формациясына ки ки­рет. Негизги кенташ минералдары: настуран, пирит, уран көөсү, галенит, казолит, уранофан. Кенташтагы урандын орт. өлчөмү 0,170%. Кенташтын запасы ж-а ресурсу 473 миң т. урандыкы 806,2 т