АРИП
АРИП – тамга, белги ж-а цифралардын графика түрүндөгү формасы. Арип графикалык мүнөзүнө жараша орусча, латынча, немецче, грузинче, армянча, грекче, арабча ж. б. болуп бөлүнөт. Басмакана ариби аткарган милдетине жараша тексттик (жалаң текст басуу үчүн), титулдук (китептин атын, мукабасын, элементтерин басуу үчүн), акциденттик (плакатта) терүү деп аталат. Ар бир ариптин курамына кичине тамга, баш тамга, капителдер кирет. Арип сүрөтү, жазылыш түрү б-ча төмөнкүчө айырмаланат: а) жайланышына жараша – тик, жантык, курсивдүү; б) энине жараша – кадимкидей, ичке, жоон; в) басылышына жараша - ачык, бүдөмүк кара, капкара. Бир эле ариптин өлчөмү түрдүүчө болушу мүмкүн (к. . Кегль). Арип кол м-н жазуу, сүрөткө тартуу, ташка, темирге, жыгачка оюп түшүрүү ж-а басмаканада куюп алуу жолдору м-н даярдалат. Арип басмаканада кол м-н монотипте (тамгалай) ж-а линотипте (саптай) терилип алынат. Учурда компьютер жолу м-н да ар кандай түрдүү ариптерди колдонууга болот.