АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 30 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАЛЫКТЫ АНЫКТАГЫЧ– аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты оптиканын жардамы м-н автоматтык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык А. а. м-н аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон (к. чийме)тең капталдуу үч бурчтуктун (ABC) бийиктигин табуу маселесине негизделген


АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ 39.png

. Ал артиллерияда, фотоаппараттар­да ж-а геодезияда колдонулат. Аралыкты ра­дио ж-а жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы б-ча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук ж-а жарыктык А. а. деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда ж. б.) пайдаланылат.