АК-ТӨР ТООСУ
Jump to navigation
Jump to search
‒ Кичи Алай кырка тоосунун чыгыш айрыгы. Түндүгүнөн Талдык, Кум-Бел тоолору, чыгышынан Гүлчө өрөөнү, батышынан Кичи Алай, түштүгүнөн Каракол тоолору ж-а Кум-Бел ашуусу м-н чектешет. Уз. 50 км, эӊ жазы жери 11 км. Орт. бийикт. 3760 м, эӊ бийик жери 4503 м (Кум-Бел ашуусунун түштүгүн дө). Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Батыш ж-а борб. бөлүктөрү зоокалуу. Чокуларын «түбөлүк кар», түн. капталдарын майда мөӊгүлөр ээлейт. Түн.-чыгышты карай капталдары жантайыӊкы тартып, кырлары
кумпа сымал формага өтөт. Жылгаларында шагыл, ири таш сыныктары көп кездешет. Түш. капталдары тик, кыска ж-а борчуктуу, түндүгү узун келип, фирн талаалары ээлейт. Тоодо Ак-Төр, Кум-Бел, Кош-Бел ашуулары бар. Негизинен бийик тоолуу альп шалбаалуу талаа, талаа (3200‒3600 м бийиктикте) ж-а гляциалдык-ни валдык (3600‒4000 м) ландшафт алкактары мүнөздүү.