АРА-БЕЛ-СУУ
Jump to navigation
Jump to search
АРА-БЕЛ-СУУ– Ички Теңир-Тоодогу суу, ЖаакТаш (Тарагай) суусунун (Чоң Нарындын алабы) оң курамы. Уз. 61 км, алабынын аянты 750 км1.
Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, батыштан чыгышка Ара-Бел өрөөнү (сырт) аркылуу агат. Куймалары: Май-Төр, Эгиз-Төр, Сөөк, Кашка-Суу, Чоң -Төр, Ит-Тиш. Июнь айында кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орт. чыгымы 4,75 5 м3/сек.