АР-НАМЫС
Jump to navigation
Jump to search
АР-НАМЫС– адамдын эл ж-а коом алдында өз
кылганы үчүн моралдык жоопкерчилигин сезип,
ойлогону м-н кылганын адамгерчилик абийири
м-н баалай билишин туюндурган коомдук-этикалык категория. Бул абийир, уят деген түшүнүктөргө маанилеш. А. – адамдын жүрүш-турушун, турпатын баалай турган өтө маанилүү моралдык касиет, нравалык фактор. Моралдык нормалар м-н эрежелерди, коомдук парзды аткаруу А.-н-ка байланыштуу. Коомдук максат м-н мүдөө – А.-н-тын негизи. Керт баштын мүдөөсүн коомдук мүдөөгө баш ийдирип, коомдук мүдөөнү жогору коё билүү А.-н-туулуктун эң мыкты көрүнүшү болот. Кимдин А.-н. кандай экенин эл баалайт. Адамдын адамдык сапаты А.-н-тын тазалыгынан көрүнөт.