АПТА
Jump to navigation
Jump to search
АПТА, ж у м а – жети суткага барабар убакыт мезгили. Ар бир күндүн өз аты бар. Жети күндүк А. биринчи жолу Байыркы Чыгышта колдонулган. Ал б. з. ч. 1-к-да Римде киргизилип, андан кийин Батыш Европага жайылган. А-нын күндөрү 7 асман нерсесине (телосуна) байланышын аталган. Мис., ишемби Сатур'н күнү, андан кийинкилери Кун, Ай, Марс, Меркурий, Юпитер, Чолпон күндөрү деп аталган. Кээ бир элде убакытты беш күндүк ж-а он күндүк А-га бөлүү кабыл алынган. Мис., Байыркы Египетте он күндүк (декада) А. болгон, мындай А. Франция рев-ясынын календарында да кезигет. А. күндөрү кыргызча төмөнкүдөй аталат: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.