АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:00, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ Түш. Европада. Анда негизинен (аймагынын Vs1) Италия,о. эле Ватикан ж-а Сан-Марино мамлекеттери жайгашкан. Аянты 149 миң км2. Жер Ортолук деңизге 1100 км кирип, Тиррен, Иония, Лигу­рия ж-а Адрия деңиздери м-н чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түш. бөлүгүндө гана Калабрия, Салентина, Гаргано ж. а., Таранто булуңу ж. б. бар. А. ж. а-н дээрлик Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү, чыгыш ж-а батыш жээктеринде анча чоң эмес дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түш.-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы ж. б.) бар. Климаты субтропиктик жер ор­толук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери – Тибр, Арно) кыска,жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиз­дик бадал (маквис, гарига) ж-а токой өсөт. Түздүктөр м-н тоо этектеринде маданий ланд­шафт басымдуу.