АРИП
АРИП – тамга, белги ж-а цифралардын графика түрүндөгү формасы. А. графикалык мүнөзүнө жараша орусча, латынча, немецче, грузинче, армянча, грекче, арабча ж.б. болуп бөлүнөт. Басмакана A-и аткарган милдетине жараша тексттик (жалаң текст басуу үчүн), титулдук (китептин атын, мукабасын, элементтерин басуу үчүн),
акциденттик (плакатта) терүү деп аталат. Ар
бир А-тин курамына кичине тамга, баш тамга,
капителдер кирет. А. сүрөтү, жазылыш түрү б-ча
төмөнкүчө айырмаланат: а) жайланышына жараша – тик, жантык, курсивдүү; б) энине жараша – кадимкидей, ичке, жоон; в) басылышына жараша- ачык, бүдөмүк кара, капкара. Бир
эле А-тин өлчөмү түрдүүчө болушу мүмкүн
(к. . Кегль). А. кол м-н жазуу, сүрөткө тартуу,
ташка, темирге, жыгачка оюп түшүрүү ж-а басмаканада куюп алуу жолдору м-н даярдалат.
А. басмаканада кол м-н монотипте (тамгалай)
ж-а линотипте (саптай) терилип алынат. Учурда компьютер жолу м-н да ар кандай түрдүү
А-терди колдонууга болот.�т.