АНТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:47, 28 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТТАР (лат. Antes, гр. Antai) – 6–7-к-дагы тарыхый булактарда эскерилген байыркы эл. Готтук (Кассиодор, Иордан), византиялык (Про­копий Кессарийский, Агафий Миринейский, Менандр Протиктор, Маврикий ж. б.) ж-а сириялык (Иоанн Эфесский) тарыхчылардын эмгектеринде эскерилет. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-ды славяндарга таандык деп эсептешет. «А» термининин этимологиясы дискуссиялуу бойдон калууда (түркчө ант – ант берүү, иранча анта – аягы, четки ж. б.). 6-к-га карата А. Днестр ж-а Днепр д-нын аралыгындагы, о. эле Днепрден чыгышты карай жайгашкан токойлуу-талаалуу аймактарды мекендешкен. Жазма булактарда А-дын келип чыгышы, салттары ж-а тили б-ча тектеш склавиндер м-н чогуу эскерилет. Алар жер айдап, мал багуу м-н кесиптенишкен, отуруктуу калк болгон. Коомдук түзүлүшүндө аскердик демократия, патриархалдык кул ээлөөчүлүк орун алган. Византиялык император Юстиниан 1нин тушунда А. алгачкы жолу Византия империясынын аймагына кирип барышкан ж-а ушундан тарта А. тектеш склавиндер м-н бирдикте Византиянын Балкандагы ээликтерине бат-бат жортуулдарды уюштуруп турушкан. 545-ж. император Юстиниан алар м-н союздаштык келишим түзгөн. 6-к-дын ортосу – 7-к-дын башында А. аварлардын кол салуусуна дуушар болгон. 560-, 590-ж. Византия империясынын Авар каганатына каршы күрөшүндө А. зор жардам көрсөткөн. 6-к-дан баштап жазма булактарда А. эскерилбейт. Алардын тукумдары чыгыш славян, айрымдары түш. славян уруулук бирикмелеринин курамына кирген.
Ад.: Рыбаков Б. А., Анты и Киевская Русь. «Вестник древней истории», 1939, № 1; Седов В. В. Славяне в раннем средневековье. М., 1995.