АГРОТЕХНИКА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:28, 17 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(агро..., гр. techn¸ ‒ устаттык, билгичтик) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү ыкмаларынын системасы ж-а дыйканчылык технологиясы. А-нын негизги милдети ‒ эмгек өндүрүмдүүлүгүн арттыруу, аз эмгек ж­а каражат жумшоо м­н эгилме өсүмдүктөрдөн мол түшүм алуу. Ал а. ч. өндүрүшүнө илим м­н алдыӊкы тажрыйбанын жетишкендиктерин киргизүү, а.ч­сын химиялаштыруу, өндүрүш процесстерин комплекстүү механикалаштыруу ж­а автомат таштыруу аркылуу ишке ашырылат. А. ыкмаларына топурак жумшартуу, жер айдоо, жер семирткич чачуу, үрөндү себүүгө даярдоо, себүү ж­а тигүү, өсүмдүк өстүрүү, түшүм жыйноо, кар топтоо, о. эле а. ч. өсүмдүктөрүнүн отоо чөптөрүнө, илдет ж­а зыянкечтерине каршы күрөшү да кирет. Алгачкы замандарда А. өтө жөнөкөй эмгек шайманына ж­а кол эмгегине негиздел ген. 19­к­да эгилме өсүмдүктү өстүрүүнүн ил. жактан негизделген ыкмалары пайда болду. Бул топурактын күрдүүлүгү, өсүмдүктүн азыктанышы ж­а жер семирткичти пайдалануу, а. ч-сын туура жүргүзүү ж. б. ыкмалары ж­дөгү илимди өнүктүргөн окумуштуулардын эмгектерине байланыштуу. 20-кылымдын 20-жылдары трактордун пайда болушу м­н кээ бир А-лык ыкмалар (жер айдоо, топуракты үрөн себүүгө даярдоо, катар аралыкты жумшартуу, өсүмдүктү кошумча азыктандыруу, пахта жыйноо механикалаштырыл ган. Эгилме өсүмдүктөн мол түшүм алуу үчүн анын өсүшүнө керек бардык факторлор м­н камсыз кылуу керек. Бул өз ара байланыштуу ыкмалардан ‒ талааны жалпы ж­а себүү алдында айдоо, катар аралыкты жумшартуу, себүү алдындагы ж­а вегетациялык сугаруу, илдет, зыянкечтерден коргоо, түшүмдү жыйноо ж. б­дан турган А-лык комплексти пайдалануу талап кылынат (к. Айдоо). Анын бөлүштүрүлүшү ар бир региондун, зонанын топурак­климат өзгөчөлүгүнө жараша жүргүзүлөт. Ар бир зонада өсүмдүктүн өсүшүнө жетишсиз болгон факторго, мис., жаан­чачыны аз райондордо топуракта ным топ

тоого көӊүл бурулат. Жерди туура которушту руп, өсүмдүктөрдү эгүү м­н гана А-лык ыкмалар комплексинин натыйжалуулугуна жетишүүгө болот. Которуштуруп айдоо А. м­н айкалышта жүргүзүлсө мол түшүм алынып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт ж­а а. ч. азык-түлүк бирдигине жумшалган чыгым азаят.