АЦЕТИЛЕН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:53, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТИЛЕН, э т е н, CНөCH ‒ каныкпаган ациклдүү углеводород. Сууда начар, ацетондо, хлороформдо жакшы эрүүчү, таза абалында жытсыз, түссүз газ; эрүү t‒81,8°C. Аба м-н болгон аралашмасы жарылууну пайда кылат. Азот, метан ж-а пропан газдары м-н аралашмасынын жарылгыч касиети төмөнүрөөк. Молекуласы түз сызыктуу түзүлүшкө ээ. Көмүртек-көмүртек атомдорунун аралыгы 1,20 Е, С‒Н аралыгы 1,057 Е. А-ди Э. Деви 1836-ж.ачкан. 1862-ж. М. Бертло көмүртек м-н суутектен, Ф. Велер 1-жолу кальций карбидинен синтездеп алган: СаС2+2Н 2О→СНΞСН+Са(ОН) 2. Азыр метандан крекинг же термокычкылдандыруу жолу м-н алынат: 2СН4→СН ΞСН+3Н3. Ал эӊ активдүү чексиз углеводород . А-ди хлорлоо реакциясы өнөр жайда маанилүү болгон хлордуу бирикмелерди пайда кылат (дихлорэтилен, тетрахлорэтан). Ал HCl м-н HCNди кошуп алып винилхлорид ж-а акрилнитрилди пайда кылат. Алардан өнөр жайда поливинилхлорид ж-а полиакрилнитрил алынат. Сымап тузунун катышуусунда А. сууну кошуп алып ацетальдегидди пайда кылат (Кучеров реакциясы ). А-дин ж-а алкиндердин (R‒CΞC‒H) молекулаларындагы суутек атомдору к-талык касиеттерге ээ болгондуктан, алар щелочтуу металлдардын амиддери ж-а күчтүү щелочтор м-н реакцияга кирип, туздарды (ацетилениддерди) пайда кылат. А-ди күйгүзгөндө жогорку темп-ра (3000°Сден ашык) пайда болгондуктан, металл кесүү ж-а ширетүү ишинде колдонулат. Ад.: Нейланд О. Я. Органическая химия. М., 1990; Адылов С. А., Асанов Ү. А. Органикалык химия курсу. Ф., 2004.

                                                                                                   Ж. Медетбекова .