АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН КОРГОЛУУЧУ ОБЪЕКТИЛЕРИ
Jump to navigation
Jump to search
– коргоого алына турган айлана‑чөйрөнүн өз ара ажырагыс табигый компонеттеринин жыйындылары. Алар булгануудан, бузулуудан, түгөнүүдөн ж‑а талкалануудан сакталышы зарыл. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: жер, суу ж‑а атм‑лык аба. Жер бүтүндөй жаратылыш м‑н анын объектилеринин негизин түзөт. Башка бардык объектилер (жер астындагы ж‑а анын үстүндөгү) Жер м‑н ажырагыс биримдикте ж‑а байланышта болот. Жер айлана‑чөйрөнүн ж‑а аны коргоонун объектиси катары жер бети м‑н кыртыштык катмарды түзөт. А. ч‑сында жер өндүрүштүн негизги ж‑а алмаштыргыс каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан мында кыртыштын түшүмдүүлүгү биринчи мааниге ээ. Маанилүүлүгү жагынан кийинки объектини суу түзөт. Сууларга дарыялар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Суу объектилеринин курамы суу кодексинде берилген. Жашоо турмуштагы эң маанилүү жаратылыш чөйрөсүнүн бири – атмосфералык аба. Атм‑нын курамында атм‑нын «озондук катмары» деген компоненти өзгөчө бөлүнүп турат. Бул Жер бетин Күндүн тике тийген нурларынан сактап туруучу газ катмары болуп саналат. А.-ч. к. о‑нин бири – токойлор. Токойлордун климатты, суу агымдарын жөнгө салууда мааниси зор, кычкылтек бөлүп чыгарат. А.-ч. к. о. катары экосистемалар да эсептелинет.