АНГЛИС ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:28, 22 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНГЛИС ТИЛИ – англичандардын тили. Улуу Ирландия (ирланд тили м-н катар), АКШ, Канада (француз тили м-н катар), Австралия, Жаңы Зеландия, Түш. Африка ж-а Индияда (бир аз бөлүгүндө) оозеки кепте (речте) колдонулуучу ж-а мамлекеттик иш жүргүзүүнүн, адабияттын ж-а илимдин тили болуп саналат. Бул тилде 400 млнго жакын адам сүйлөйт. БУУда официалдуу кабыл алынган беш тилдин бири. Индевропа тилдеринин батыш герман тобуна кирет. Англис тили 5-6-кылымдарда кельт урууларын сүрүп, Британияга көчүп келип жайгашкан герман урууларынын (англ-сакс ж-а ют) тилдеринен өнүккөн. Англис тилинин тарыхы байыркы (7–11-к.), орто (12 –15-к.) ж-а жаңы (15-к-дан бери) болуп үч мезгилге бөлүнөт. Азыркы англис тили байыркы англис тилинен айырмаланып, аналитикалык тилдердин тибине кирет. Сөздөрдүн мааниси сөз тизмектери ж-а кызматчы сөздөр аркылуу айырмаланат. Англис тилинде сөз өзгөртүү мүчөлөрү аз. Англис тилинин жазуу эрежелери м-н сөздөрдүн айтылышынын арасында орчундуу айырмалар бар (Англис тилинин орфография эрежелери б-ча кийинки англис ж-а жаңы англис тилдериндеги тыбыштык өзгөрүүлөргө жазууда жол берилбейт).
Ад.: Бруннер К., История английского языка, пер. с нем., т. 1-2, М., 1955-56; Смирницкий А. И., Древнеанглийский язык. М., 1955; Кунин А. В., Англо-русский фразеологический словарь, [кн.] 1-2, 3 изд., М., 1967. К. Саматов.