АНГАРОВ Николай Константинович
Jump to navigation
Jump to search
АНГАРОВ Николай Константинович (24. 2. 1914, Пермь, Россия – 1990, ошол эле жерде) – актёр ж-а театр ишмери; Казак ССРинин (1956) ж-а КРдин эл артисти (1974). Сахналык ишмердиги 1933-ж. башталган. 1949-жылдан Уралдагы обл. аралык театрда актёр, 1960-жылдан Фрунзедеги Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында актёр ж-а директор болуп эмгектенген. Аткарган ролдору: Омор (Т. Абдумомунов, «Даттанууга болбойт»), Линьков (Соболев, «Кожоюн»), Крутояров (Н. Погодин, «Ишеним»), Корчевой (Тумановская, «Дачадагы туюк жер»), Данкевич (Д. Гранин, «Чагылганга аттандым»), Феодор Леонидович (Собко, «Менин сырымды сактагыла») ж. б.