АЭРОЛОГИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АЭРОЛОГИЯ (аэро... ж-а гр. logos ‒ илим) ‒ атм. физикасынын атм-нын жогорку катмарындагы физ. процесстер м-н кубулуштарды изилдөөчү бөлүгү. Ал атм-нын курамы м-н түзүлүшүн, жаан-чачын м-н булуттун пайда болушун ж-а алардын өнүгүүсүн жөнгө салуу жолдорун, аба массаларынын бири бирине тийгизген таасири д. у. с-ды изилдейт. Атм-ны изилдөөнүн түрлүү ыкмаларын иштеп чыгуу ж-а алар үчүн приборлорду (к. Аэрологиялык приборлор ) ойлоп табуу иштерин да жүргүзөт. А-лык изилдөөлөр электрондук аппаратуралардын, авиациянын ракеталык ж-а метеорол. спутник техникасынын, о. эле обсерваториялар ж-а станциялардын жардамы м-н жүргүзүлөт.