АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:09, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАЛИЗДИК ТИЛДЕР – сүйлөмдөгү сөздөр өз ара сөздөрдүн грамматикалык формалары м-н эмес, аналитикалык формалар: предлог, артикль сыяктуу жардамчы сөздөр, сөздөрдүн орун алуу тартиби, интонация аркылуу байланышкан тилдер (мис., англис, француз, жаңы перс, болгар ж. б. тилдер). Тилдерди аналитикалык ж-а синтетикалык деп бөлүштүрүү немец лингвисти А. Шлегель тарабынан алгач флексияланма тилдер үчүн сунуш кылынып, А. Шлейхер мындай бөлүштүрүүнү андан ары тереңдетүү м-н агглютинативдик тилдерге карата да колдонгон.