АНЫКТООЧ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:04, 18 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЫКТООЧ – сүйлөмдө заттын, окуянын, зат ордуна колдонулган сөздөрдүн сынын, сыпатын, мүнөзүн, санын, иретин же ал заттын башка затка таандык экендигин билдирүүчү айкындооч мүчө (мис., Минген атың жакшы ат болсо, алысты жакындай көр). А-тор граммат. жактан баш мүчөлөрдүн бирине багыныңкы абалда туруп, аларга маани жактан айкындык берет, сүйлөмдүн жалпы маанисин кеңейтип толуктап турат.
С.Мусаев.