АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:02, 16 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович (12. 12. 1928, Талас обл., Кара‑Буура р‑ну, Шекер айылы – 10. 6. 2008, Бишкек) – жазуучу, коомдук ж‑а мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл жазуучусу (1968), КР УИАнын академиги (1974), Кыргыз Эл Баатыры (1997), Кыргыз ССРинин Т. Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Лениндик (1963) ж‑а СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа илим­дер, искусство ж‑а адабият акаде­миясынын ­

АЙТМАТОВ9.png

анык мүчөсү (Па­риж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж‑а искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысык­-Көл форумунун» президенти, Австрия, Австра­лия, АКШ, Индия, Италия, Түркия, Япония, Россия ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыгынын лау­реаты. Жамбыл шаарындагы зооветтехникумду (1946), Фрунзедеги К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1953) бүтүргөн. 1953‑56‑ж. Кыргыз мал чарбачылыгы илимий-изилдөө институтуна (КирНИИЖ) ка­раштуу асыл тукум заводунда зоотехник болуп иштеген. 1956‑58‑ж. Москвадагы Жогорку ада­бий курстун угуучусу, 1956‑60‑ж. «Литератур­ный Киргизстан» журналынын редактору, 1960­65‑ж. «Правда» гезитинин өз кабарчысы, 1965-­жылдан Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, 1986‑91‑ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы, 90‑ж. Москвадагы «Иностранная литера­тура» журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991‑жылдан элчи­лик кызматта (1991‑жылдан СССРдин, 1992- 93‑ж. Россиянын Люксембургдагы, 1994‑жыл­дан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги эл­чиси).
Атасы Төрөкул Айтматов өз мезгилинин би­лимдүү адамы, көрүнүктүү коомдук ишмер, ста­линдик режимдин курмандыгы болгон. Энеси Нагима Хамзеевна 1920‑30‑ж. Кыргызстандагы са­батсыздыкты жоюу, билим берүү иштерине өз үлүшүн кошкон. 1935‑ж. атасы Москвадагы Кы­зыл профессура институтуна окууга жөнөтүлгөндү­гүнө байланыштуу Айтиев башталгыч класстын эки окуу жылын ошол жерде окуп калат. 1937‑ж. атасы камакка алынгандан кийин Шекерге кай­тып келишет. Жазуучунун балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун катаал мезгилине туш келген. Ал 14 жашында айылдык советтин секретары болуп иштейт. Согуш мезгилинде алган турмуштук са­бактар жазуучунун дүйнөгө көз карашынын, по­зициясынын, түшүнүгүнүн калыптанышына катуу таасир бергени талашсыз. Эстен кеткис бул катаал күндөр кийин жазуучунун чыгармачылыгында системалуу көркөм чагылышка ээ болду. Жазуучунун эскерүүлөрүнө Караганда чыгармачылык­ка болгон кызыгуунун алгачкы учкундары Жам­былдагы техникумда окуп жүргөн учурунда эле пайда болгон. Адегенде ыр жазууга ышкыбоз­донот. Техникумдун мугалими А. В. Штубен­дорф Ч. Айтматовдун ырларын окуп көрүп, жаш талап­керден өз күчүн прозадан да сынап көрүшүн өтүнөт. Ал кыргыз адабиятында согуш темасында жакшы чыгармалар жаралбай жаткандыгына кабатырланган. Айыл чарба институтуна келип кир­генден кийин М. Бубеновдун «Ак кайың» рома­нын, В. Катаевдин «Полктун уулу» повестин которууга киришет. Котормолорун басмага алып барса бул чыгармалардын которулуп калганды­гын билдиришет. Бирок, бул ордунан чыкпа­ган аракет, котормочулуктан алган алгачкы тажрыйба адабий турмушка болгон жандуу кызыгууну жараткан. Анын терминология, көр­көм котормо проблемаларына байланыштуу макалалары («Орусча‑кыргызча сөздүк жөнүн­дө», 1951; «О терминологии киргизского язы­ка», 1952; «Перевод далекий от оригинала», 1953) жарык көргөн. Согушту жектөө ж‑а тынч­тыкты жактоо темасында жазылган «Газетчи Дзюйо», «Ашым» (1952), «Сыпайчы» (1953) ат­туу алгачкы аңгемелери орус тилинде жарыя­ланат. Жазуучу чыгармачылыгынын башталышында кыргыз ж‑а орус тилдерин катар алып жүргөн­дүгүн анын гезиттик макалаларынан, аңгемеле­ринен байкоого болот. 1954‑ж. окурмандар орус тилинде «На богаре» аттуу аңгемеси ж‑а ага удаа эле кыргыз тилинде «Ак жаан», 1955‑ж. «Асма көпүрө», «Түнкү сугат» аттуу аңгемелери м‑н таанышат. Гезиттик маалыматтардын, китеп­тик таасирлердин негизинде жазылган алгач­кы аңгемелери адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура албаганы м‑н улам кийинки чыгар­маларынан жаш автордун чеберчилик жактан тездик м‑н өсүп, жетилип бара жаткандыгы бай­калат. Жаш жазуучунун аңгемелери 1956‑ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун пленумунда жогору бааланат, адабиятчы К. Асаналиев «Кыргыз аңгемесинин айрым маселелери» деген темада жасаган док­ладында Ч. Айтматовдун «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелерине токтолуп, аңгемечи катары аны сөзгө сараң жазуучу экен­дигин, кыргыз аңгеме жанрына сюжет түзүү, образдарды шөкөттөө жаатында жаңылык алып келгендигин айгинелейт. 1956-ж. жазуучу үчүн үч эсе кубанычтуу жыл болду: репрессияланып курман болгон атасы акталат, Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өткөн, айрыкча Моск­вадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку ада­бий курска кабыл алынышы жазуучунун ада­бий‑эстетикалык көз карашынын кеңейишине, тубаса табигый таланттын адабий‑теориялык билим м‑н ширелип байышына өбөлгө түзөт. СССРдин булуң‑бурчунан келген жазуучулар м‑н чыгармачылык байланыштар чыңалат. Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы 1950-­жылдардагы коомдун саясий, маданий турму­шундагы күрдөөлдүү жаңылыктар, прогрессивдүү шарт‑жагдайлар м‑н коштолду. Сталиндик бий­ликтин аякташынан, жеке адамга сыйынуучу­луктун сынга алынышынан кийин көркөм чыгармачылыкты конфликтсиздик «теориясынын», сын­дагы вульгардык‑социол. тенденциялардын чет­ке кагылышы адабий‑маданий турмушта жакшы таасир берген. Жазуучуга алгачкы чыгармачылык ийгиликти «Бет­ме‑бет» (1957) ж‑а «Жамийла» (1958) повестте­ри алып келген. Бул повесттер жарык көрөрү м‑н адабий коомчулук кыргыз адабиятындагы жаңы көрүнүш катары баа берип, окурмандар тара­бынан жакшы кабыл алынган. «Бетме‑бетти» жазуучу чыгармачылык жолунун чыныгы башталы­шы, «адабий дебюту» катары атайт. Адабий дебют бул жерде жазуучунун чыгармачылыктагы өз чыйырын табуусу, алгачкы саамалык, ийгилик маанисинде айтылып жатат.Бирок бул башта­лышты жалаң эле Айтматовдун жеке ийгилигинин эмес, улуттук

Ч. Айтматов замандаштары менен.

көркөм адабиятыбыздын өнүгүшүнүн жалпы табиятындагы жаңы сапаттык бурулуш катары туюу керек. Буга чейин кыргыз проза­сында жалпы сүрөттөө үстөмдүк кылып, көркөм образ статикалуу, поэтикалык ой экстенсивдүү формада өнүктүрүлүп келсе, «Бетме‑бетте» чы­гарманын идеялык‑тематикалык мазмуну каар­мандын ички дүйнөсүндөгү диалектикалык ка­рама‑каршылыктарды иликтөө м‑н тыгыз ка­рым‑катышта өнүктүрүлөт. Повесттеги сюжет­тик конфликтти чечүүдө, борбордук идеялык‑көр­көмдүк максатты ишке ашырууда Сейденин об­разы биринчи планда турат. Турмуштук кый­чалыш кырдаалга тушуккан Сейде эки жээк­тин – эл м‑н элбезер Ысмайылдын ортосунда чабалактоого аргасыз болот. Сейденин образы­нын драматизмин, психологиялык тереңдигин көркөм реалисттик планда ачып берүү чындыгында да жазуучунун, аны м‑н бирге кыргыз прозасы­нын алгачкы уюткулуу ийгилиги болду. Баш­кы каарман Ысмайылдын образын тереңдеткен кошумча бөлүк 1990‑ж. окурмандарга тартуу­ланды.
«Жамийла» – жазуучунун атын алыска таа­ныткан чыгарма. Повесть алгач «Обон» деген ат м‑н жарык көргөн. Орус тилинде «Новый мир» журналына (1958, № 8) жарыяланат. Окуя­нын сюжетинин ушундай маанайда, лирикалык­романтикалык стилде баяндалышынан улам повестти адабиятчылар «кара сөздөгү поэзия» же «прозадагы ыр» деп атап жүрүшөт. Повест­ти алгачкылардан болуп казак адабиятынын клас­сиги, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу М. Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт. Француз жазуучусу Луи Арагон повестке «Ма­хабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деп баа берип, француз тилине которуп, ал 1959‑ж. Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. Повесттин мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы. Адамдын турмушка, элге, жерге, жа­шоого, руханий сулуулукка болгон чексиз сүйүүсү патриархалдык салт‑санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй‑бүлө түшүнүгүнө аялдык «мендин» кайчы келиши сыяктуу ма­селелер м‑н тыгыз байланышта чечмеленет. Мүнөзү түнт, адамга ыгы жок, атүгүл айрым­дарга маңыроо көрүнгөн Даниярдын терең ж‑а кенен ажайып кооз дүйнөсү; бул дүйнөнүн көзгө ысык, көңүлгө сүйкүм элесин батырган, уккан адамды ошол сүйкүмдүү, ошол жакындыкты барктап‑баалоого, улуулукту туя билүүгө чакыр­ган, кыялды толкутуп, турмуштун көркүн се­зүүгө талпынткан керемет обону биринчи ирет­те Жамийла м‑н өспүрүм Сейит экөөндө турмуш­ка карата күчтүү, жаратман, активдүү сүйүүнү ойготту. Бул жандүйнөсү жакын, сезимтал адам­дардын рухунун бири‑биринен от алышып ту­тануусу эле. Чыгарманын акырында сүрөтчү болууну чечкен лирикалык каарман Сейит «Алардын айылдан кеткендегисин эстегенде жүрөгүмө кайрат толуп, мен дагы ошолор сыяк­туу өз таалайым үчүн кыйын жолго чыгууга тайманбай бел байладым» дейт. Повесть жарык көргөндөн бери Жамийланын Садыктан кети­шине байланыштуу карама‑каршы пикирлер айтылып келет. Ушул жагдайда түрк адабият­чысы Рамазан Капландын оюн келтирүү же­тиштүү: «Чыгармада күйөөсүн таштап кеткен аялдын, Жамийланын чечимин биздин күндөлүк жашообузда же дүйнөгө болгон көз карашыбыз­да адегенде кабыл албасак да, чыгарманын акы­рында ага ынанабыз. Эгерде Жамийла чыгар­мада өзү тандаган кишиси, Данияры м‑н кетип калбай, күйөөсү м‑н калып жашоосун улантып, сүйүүсүн билдирбей жүрсө, анда ал рухунда, жүрөгүндө өзүн да, күйөөсүн да алдаган болор эле, б. а. күйөөсү м‑н жашоосу жалган жашоо болмок. Ошондуктан, чыгарманын мындай бүт­көнү Жамийланын адамкерчилиги м‑н бийик инсандык аброюна каршы келбейт». Бүгүнкү күндө «Жамийла» дүйнөнүн 150дөн ашык тил­деринде жарык көрдү.Жазуучунун «Делбирим», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим» (1961) повесттеринде, «Кы­зыл алма» (1964) аңгемесинде
нравалык‑этика­лык проблемалар андан ары тереңдетилип, өнүктүрүлөт. «Саманчынын жолу» (1963) повес­тинде жазуучу Адам м‑н Жердин өз ара сүйлөшүүлөрү сыяктуу шарттуу ыкманы чебер­чилик м‑н колдонгон. Жер‑Эненин образы, аны м‑н диалог куруу жазуучуга Адам‑Эненин, Толгонайдын, тынчтыкты, бейпил турмушту сүйгөн, балдарынын амандыгын каалаган эне­нин эң жөнөкөй ж‑а ыйык тилегин жалпы адам­заттык деңгээлде айтуу үчүн керек болгон. Жер­ Эне адамзаттын чектелген көз карашын жоюу­га ж‑а согуш жашоонун түп мыйзамына каршы экендигин бекемдеп түшүнүүгө жардам берет. «Саманчынын жолунда» адам бекем эрки ж‑а кайраты, жашоого болгон сүйүүсү м‑н улуу ж‑а сыймыктуу деген идея даңазаланат.
«Гүлсарат» (1966) социалдык планда өтө курч жазылган этаптуу чыгарма. Ушундан баштап жазуучунун чыгармаларынын идеялык‑эстети­калык мазмуну курч социалдык мүнөзгө ээ боло баштаган. Жазуучунун өз сөзү м‑н айтканда, мында «улуттук турмуштун олуттуу проблема­ларын чагылдырууга, социалдык конфликттердин, карама‑каршылыктардын түпкү маңызын иликтөөгө аракет көрүлөт». Чыгарманын баш­кы каарманы Танабай Бакасовдун өмүр‑тагды­ры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры м‑н бир­дикте сүрөттөлөт. Ак ниет коммунист Танабай­дын каршысында мансапкор партиялык жетекчилер Кашкатаев, Сегизбаев, Алданов, Ыбырайымдын образдарын жаратуу м‑н Айтматов кыргыз адабиятында­гы, дегеле совет адабиятындагы традициялуу кө­рүнүшкө айланып калган коммунист жетекчи­нин идеалдаштырылган образы тууралуу окур­мандардын иллюзиясын бузду. «Доордун акы­лы, ар‑намысы» деп эсептелген партиянын же­текчилерин терс кайрык м‑н сүрөттөөгө ал учур­да ар бир эле жазуучу батына албайт эле. Айтматов райкомдун биринчи секретары Кашкатаевдин ж‑а сов. мыйзамдуулукту, коргоочу райондук баш прокурор Сегизбаевдин образын, партбю­ронун жүрүшүн сүрөттөө аркылуу бет пардасын сыйрып, алардын культка айлантылган партиялык абройго жашырылган чыныгы жүзүн ачып бе­рет. Жазуучу ушул повестинен тартып элдик му­растарга көбүрөөк кайрыла баштады.
«Ак кеме» (1970) повестинин идеялык‑тема­тикалык мазмунунун борбордук түйүнү Мүйүздүү Эне жөнүндөгү жомокко барып такалат. Чыгармада реалдуу турмуш, реалисттик образдар мифоло­гиялык‑жомоктук сюжет м‑н жанаша жашап, жуурулушуп, өтмө катар байланыштагы өз­гөчөлүктүү композициялык курулушка ээ бол­гон. «Ак кемеде­ги» Мүйүздүү Эне ­бул жайынча ай­тылган жомок же корукка адашып келип калган реалдуу бугу эмес, ал баарыдан мур­да ата‑бабадан келаткан ыйык мурас, символ, ыйык эненин элеси. Өз жомоктору м‑н Бала­нын жан дүйнөсүнө аруулуктун үрөнүн сепкен Момун карыя өз

Ч. Айтматов «Бугу­ Эне» китеби үчүн колтамга берүү учу­рунда.

жомогун кыйратып, «Бугу­ Энеге» кол көтөрүүгө аргасыз болот. Окурман­дарды күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды та­лаш‑тартышка салган негизги маселе – бала­нын адамдар арасында жашагысы келбей «ба­лык» болуп сүзүп кетүүсү. Айрым рецензенттер повестти адамды көңүл чөгөт кылчу пессимист­тик чыгарма катары таанышты. Акыры тал­кууга автор өзү да аралашып өз концепциясын, адабияттагы трагизм маселесине карата принци­пиалдуу пикирин билдирди («Необходимые уточ­нения». Лит. газета, 1970, 28‑январь).
Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуш­тун катаал күндөрүнүн элесинен алып «Эрте жаздагы турналар» (1973) аттуу лирикалык‑ро­мантикалык стилдеги повестин жараткан. «Ма­нас Атанын ак кар, көк музу» (1975) аттуу ав­тобиографиялык очеркинде повесттеги «Аксай десанттары»: Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубат­кул өзүнүн классташ курбулары экендигин баян­дайт.
«Деңиз бойлой жорткон Аладөбөт» (1977) по­вести алыскы Охота деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушунан алынып жазылган. Албет­те, жазуучунун негизги максаты нивх элинин социалдык‑тарыхый абалын, салт‑санаасын, үрп‑адатын, тиричилик эрежелерин сүрөттөө эмес. Повесть – Улуу Деңизде Улуу Туманда калган аңчылардын адамдык улуулугу жөнүн­дөгү чыгарма. Повесттин башкы каармандары жаратылыш стихиясын өзүлөрүнүн бийик адам­керчилик сапаты, келечек муундун камын көргөн айкөл акылмандыктары м‑н жеңип чы­гышат. Орган карыя, Мылгун, Эмрайиндин кур­мандыгынын акыбети кайтып, Кириск аман‑эсен Аладөбөткө кайтып келет. Кирисктин аман калышы ошол адамдардын улуулугунун өчпөс жылдызга, өмүр бою коштоп жүрчү жаңы ыр­дын жаралышына айлануусу болду.
Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» (1980) рома­ны өзүнүн идеялык‑тематикалык багыты, сюжеттик‑композициялык түзүлүшү б‑ча «Гүлса­рат» повестине жакын. Танабай Гүлсары жорго м‑н акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү эскерүүсү аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү планда өнүктүрүлсө, «Кылым карытар бир күн» романында да көпчүлүк окуя бороондуу бекеттин темир жол жумушчусу Ка­зангаптын кайтыш болгон саатынан аны жа­йына койгонго чейинки мезгил аралыгындагы Едигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат. Роман­да жазуучу алгач реалисттик сюжет м‑н катар фантастикалык сюжетти пайдаланат. Ошондой эле чыгармада миф, легенда, уламыштар жыш пай­даланылат, ошол себептүү автор романын «Сары­-Өзөк метафоралары» деп мүнөздөйт. Чыгарма­да үч катмарлуу мезгилдик алкакты: өткөн чак, учур, келечек; үч катмарлуу мейкиндик алкак­ты: аалам баткан адамдын башы, Эне‑Бейит коругу ж‑а Жер планетасынын катышын, өзгөчө байланышын көрөбүз. Ошондой эле чыгарма көркөм ой жүгүртүүнүн үч тибинин: мифологиялык­ -фольклордук, фантастикалык ж‑а реалисттик синтезинен турат. Бул үч башка мезгил – мей­киндик алкак, көркөм ой жүгүртүүнүн үч тиби бөлүнбөс бир бүтүн организм сыяктуу бир сю­жеттик өзөккө, системага бириктирилген. Би­ринчи мейкиндик алкак – Найман эненин уулу Жоломандын маңкуртка айланышы, кесепеттүү шириге кысылган баш. Сюжет чыңалып, өнүк­көн сайын ал окуя мезгилдик жактан берилеп, маани‑масштабын кеңейтет. Экинчи мейкиндик алкак – бул кирүүгө тыюу салынып, темир ко­рукка алынган Эне‑Бейит көрүстөнү, ата‑баба­нын сөөгү жаткан ыйык жай, ошондой эле элдин өткөн тарыхынын эскерткичи, символу. Ага карата жолдун жабылышы элдин, улуттун өткөн та­рыхына жолдун жабылышы деген маани м‑н барабар. Кесепеттүү ширинин айынан өз энеси­не кол көтөргөн Жоломандын кайгы‑касирети м‑н өткөн тарыхы «корукка» алынып, четте өскөндүктөн, ата‑баба мурасына маңкурттай эле мамиле кылган урпактын иш‑аракети өз ара үндөш мазмунга ээ болот. Казангаптын керээ­зин орундата албай, Эне‑Бейитти жок кылабыз дегендерге ж‑а терсаяк Сабитжанга ата‑бабанын сөөгү жаткан ыйык жайды, Эне‑Бейитти кор­гоп калуунун зарылдыгын түшүндүрө албай ай­ласы куруп Эдигей Сабитжанга «Маңкуртсуң, маңкурттун маңкурту сен экенсиң» деп жаны кашайып каргап да, аяп да сүйлөнөт. Үчүнчү мезгил‑мейкиндик алкак – ширинин бир түрү, жер үстүндө жасалып жаткан космостук раке­талык кырчоо эле. Жерде Казангаптын сөөгүн коюуга байланышкан окуялар өтүп жаткан тап­та Жерге башка планетадан, космостон бөтөн цивилизацияны өткөрбөс, келтирбес үчүн «Кыр­чоо» операциясы ишке кирет. Бул биринчиден, фантастикалуу болсо, экинчиден, ал аркылуу кыйыр түрдө мамлекеттер аралык, а. и. советтик системанын өзгөчө саксынган саясаты сындал­гандыгын байкоого болот. Ар кандай чектөө чектелүүнү жаратат. Соц. тоталитардык бийлик учурунда А. чыгармаларында ачык айтууга мүмкүн болбогон ойлорун канчалык каймана көркөм ыкмаларга салып айтпасын, оюн каа­лагандай толук айталбай мүмкүнчүлүгү чектел­ген. 1990‑ж. А. «Кылым карытар бир күн» ро­манына кошумча бөлүм катары «Чыңгызхан­дын ак булуту» роман‑повестин жазган. Мында Эдигейдин мээ чарчаткан суроо‑ойлорунун маа­нилүү бир бөлүгүн түзгөн, татаал мезгилдин кур­мандыгы болгон Абуталиптин тагдыры кеңири берилет, ошондой эле ушул реалдуу турмуш картина­сы м‑н катар дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызхан­дын трагедиясы тууралуу легенда параллель баяндалып, бийлик ж‑а инсан проблемасы ар тараптуу көркөм интерпретацияланат. Роман­дагы маңкуртчулук темасына байланыштуу линия кийинки чыгармаларында да уланат. «Кыямат» (1986) романында адамдын башын айлантып, аны өз ыйманынан жат кылып, маң­куртка айландырып жаткан социалдык көрү­нүштөр: наркомания, тоталитардык идеология, динден безүү сындалат. «Кыямат» советтик социалисттик сис­теманын ыдыроосунун алдында, «кайра куруу», «айкындуулук» деп аталган мезгилде жазылып, жарыкка келди. «Кыямат» – ар кандай социалисттик системанын догматикалык принциптерин, идео­логиялык, коомдук саясий сенектикти айып­таган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттик­ композициялык курулушу жазуучунун мурда­гы чыгармаларынан кыйла татаал. Автор ро­манды жазуудагы идеялык‑көркөмдүк максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн 20‑кылымдын акырындагы реалисттик романдын карамагындагы мүмкүн болгон конструктивдик каражаттардын баарын пайдаланган. Белгилүү адабиятчы Г. Гачев ро­манга мистерия да, притча да, турмуш да, ай­банаттар жөнүндөгү эпос да, философиялык диалог да, реа­листтик баяндоо да катышкан «синкреттүү ки­теп» деп аныктама берет. Ушул романдан тар­тып жазуучунун чыгармачылыгында поэтикалуулук м‑н публицистикалуулук, философиялуулук, эриш‑аркак түзгөн синкреттүүлүк туруктуу мүнөзгө ээ болду.
Жазуучу романында көркөм образдар систе­масы аркылуу өзү жашап жаткан коомдун ички карама‑каршылыгы курчуп чегине жеткендигин, тоталитардык социалисттик системанын акыр заманы келгенин, жеке карама‑каршылыктардан май­нап чыкпастыгын Авдий, Бостон сыяктуу каар­мандардын мисалында көргөзүү м‑н жалпы коомчулук ар кандай кыйынчылык, азаптарга чыдап, тобокелге баруу, иштиктүү өзгөртүүлөрдү, аракеттерди жасашы керек экендиги жөнүндөгү идея­ны айткан.
Маңкуртчулук темасы жазуучунун «Кассанд­ра тамгасы» романында да улантылат. Роман­дын каарманы, өз тегин билбеген Андрей Крыль­цов аз жерден иксроддорду жарыкка чыгарып жибербей калды. Иксрод – бул маңкуртчу­луктун жаңы «өнүктүрүлгөн» тиби. Алар 21‑кылым­дын идеологиясынын «рыцарлары» болуш­мак. Теги жок иксроддордун жаралышынын саясий мааниси бар эле, алар мамлекет үчүн кандай гана көрсөтмө болбосун

Кыргыз Республикасынын Китеп күиү. Ч. Айтматов Мамлекеттик тил ж-a энциклопедия борборунун ди­ректору Д. Андашевге диплом тапшырып жатат (2003).

идеалдуу иш жүзүнө арттыра турган армияны түзүп бермек. Ал эми романдагы «ата‑энелүү» кассандро‑эмбрион­дордун туулбай жатып жашоодон баш тарт­кысы келгендиги аркылуу автор социал.-нра­валык экологиянын бузулуп, коркунучтуу чек­ке жакындап баратканына тынчсызданат. Айтматовдун чыгармачылыгына социалдык, философиялык мазмун­дуулук мүнөздүү. Жазуучунун түзгөн каарман­дары канчалык конкреттүү, индивидуалдуу мүнөзгө ээ болбосун, сюжет канчалык каарман­дын жеке инсандык, пенделик өмүр тагдырын ачып берүүгө багытталбасын, канчалык конк­реттүү мезгил өлчөмү бутага алынбасын, алар ошончолук типтүү, кеңири масштабдуу, мезгил­, мейкиндик жактан чексиз. Жазуучунун стил­дик өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтө айкын көрүнгөн туруктуу касиеттер – биринчиден, жазуучунун мифологиялык‑фольклордук мате­риалдарга, экинчиден жаныбарлардын образда­рына көп кайрылгандыгында, кеңири пайдалан­гандыгында. Ар бир жаңы чыгармасында жаңы горизонт­торду
ача билген жазуучу «Сардал кыз» (2006) романында рыноктук мезгилдеги коомдук тур­мушту жаңы замандын каармандарынын өз ара мамилелериндеги, мүнөздөрүндөгү байкалган типтүү көрүнүштөрдү көркөм изилдөөнүн объек­тисине алат. Жазуучунун буга чейинки чыгар­маларын кызыл сызык м‑н тепчип өткөн, алар­дагы коюлган проблемалардын борбордук негизин түзүп келген «Канткенде адам уулу Адам болот?» деген суроону чечмелөөдө окуя башкы каар­ман – эркин журналист А. Саманчиндин айла­насына топтоштурулат. Руханий кризистик абалга кептелген А. Саманчиндин жашоо‑тур­мушуна «Сардал кыз» легендасы жандуу маз­мун кийирип турат. Каармандын сүйүү драмасы элдик уламыш ж‑a Жаабарс жөнүндөгү баян м‑н коштолуп, универсалдуу поэтикалык философиялык мазмунга ээ болот.
Айтматовдун көпчүлүк чыгармаларында кандайдыр бир күчтүү жаңырыктаган чакырык үндүн ка­тышын байкоого болот. Бул өзгөчө «Гүлсарат­та» Бозингендин ботосун издеп (акыйкатсыздык­ка жооп издеп) боздогон үнү, «Саманчынын жолунда» уулунун ордуна темир жолду кучак­тап, согушка наалат айткан эненин үнү, «Кы­лым карытар бир күн» романында Дөнөнбай куштун үнү, «Кыяматта» Акбаранын айдагы Бөрү‑Энеге даттанып улуган үнү, «Кассандра тамгасында» «Мен туулгум келбейт, келбейт, келбейт...» деп берилген белги аркылуу жаңы­рыктаган кассандро‑эмбриондордун «үнү» ж. б. «Сардал кыз» романында эки түрдүү жаңырык үн катышат, анын бири түгөйлөш жары болчу сүйгөнүн издеген колуктунун, Сардал кыздын үнү, экинчи Сергейдин акыл‑эсинде жаңырык­таган «Өлтүр! Өлтүрбө!» деген үндөр. Бул үндөрдүн чыгарманын идеялык‑тематикалык мазмунун терендетүүдө ж‑a эмоционалдык‑экс­прессивдик планда өтөгөн кызматы зор. Сардал кыздын чакырык үнү – сүйүүнү таза сактоого, урматтоого, ыйык тутууга, коргоого болгон ча­кырык. Жазуучу Сардал кыздын образын ро­манда мурдагы чыгармаларындагыдай эле идея­лык‑поэтикалык концепция, образ‑концепция, образ‑символ, образ‑эскерткич, образ‑үлгү ката­ры пайдаланган.
Айтматовдун публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн «Жер, суу менен авторлошуп» (орус тилинде), «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги м‑н окурмандарды көркөм

Ч. Айтматовдун дүйнө элдеринин тилдеринде чык­кан китептери.

жанрдагы чыгармаларынан кем эмес өзүнө тартып турат. Япон философу Д. Икэда м‑н «Рухтун улуулугуна таазим ыр» (1993), казак акыны ж‑а коомдук ишмер М. Шаханов м‑н «Жар боюн­да боздоп калган аңчынын ыйы» (1996) аттуу диалогдору ж‑a казак драматургу К. Мухамед­жанов м‑н бирге «Фудзиямадагы кадыр түн» (1973) драмасы да бүгүнкү күндүн актуалдуу про­блемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрү­нүштөр зор философиялык тереңдикте, турмуштук‑фак­тылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырыл­ган баяндар. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабиятыбыз үчүн эле эмес, искусствобуздун башка түр­лөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тий­гизди. Анын чыгармаларынын негизинде музы­када чакан обондуу ырдан тартып симфония, балет‑ораториялар жазылды, көркөм сүрөт иск­усствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театр спектаклдери, кинофильмдер коюлду. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктерден. Анын чыгармалары дүйнөнүн 127 өлкөсүндө, 176 тилинде которулуп, бир нече ирет чоң тираж м‑н (2005‑ж. жалпы саны 76,5 млн нуска) кайталап басылган. «Айтматов таануу» илими пайда болуп, ушу кезде дүйнөлүк адабий процессте кеңири изилденүүдө. 1989‑ж. Бишкек­те эл аралык Айтматов клубу түзүлгөн. Анын Кырг‑ндык ж‑a чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж. б. Клуб­дун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр ж‑a маданият жагындагы эл аралык сыйл. бар. 1992‑ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту, «Айтматов чыгармаларынын китепкана­сы» ж‑a Эл аралык коомдук айтматовдук ака­демия уюштурулган.
Ад.: Произведения Чингиза Айтматова и литература о нем на иностранных языках. Библиографический указатель. Ф., 1979; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Акматалиев А. Чингиз Айтматов: жизнь и творчество. Б., 1991; Асаналиев К. Чыңгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн. Б., 1995; Ибраимов К. Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова. Б., 1998; Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармалар жыйнагы. Б., 1999; Асаналиев К. Шекер и космос. Ч. Айтматов: художественная семантика образов. Б., 2001; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. Б., 2002. 7‑том; Ахмет Сарыгул. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Түркияда кабылданышы. Б., 2003. А. Акматалиев, А. Кадырмамбетова.