АК-СУУ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
18:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
‒ дарылануу га жарамдуу ысык булактар. Ысык-Көл обл-ндаг ы Ак-Суу кыш-нан 4‒5 км түш. тарапта, Тескей Ала-Тоонун түн. этегиндеги Ак-Суу өрөөнүндө, деӊиз деӊг. 1950‒2500 м бийиктикте. Андан 8‒10 км түш. тарапта өрөөндүн баш жагында Алтын-Арашан минералдуу суусу чыгат. Курамы ж-а дарылык касиети б-ча бул эки булак бири биринен көп айырмаланбайт. Суу палеозой заманынын башында пайда болгон гранит-пор фирлердеги майда жаракалар аркылуу жер бетине агып чыгат. Суу ысык (57‒60°), тунук, аз минералдашкан (0,3‒0,4 г/л), курамы сульфат -хлорид-натрийлүү. Радиоактивдүүлүгү төмөн (радондун концентрациясы Махе бирдигинде 0,4‒5,6). Суудан азот газы (95‒99%) бөлүнүп турат. Суунун орт. чыгымы 18 г/сек (1961). Суу м-н муун, сөөк, жарат, нерв ооруларын, балдардын шал оорусун дарылоого болот, к. Ак-Суу санаторийи .