«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:04, 14 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ – төкмө акындардын чыгармачылыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Кинорежиссер Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004-­20-жылдары фондду төкмө акын Э. Иманалиев же­тектеген. Фонд Кыргыз Республикасынын эл артисттери, акындар А. Айталиевдин ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мек­тебинин түптөлүшүнө, азыркы төкмө акындардын республикалык эл ­аралык айтыштарга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу м‑н «Актаң­дайлар» аттуу китеп жарык көрдү (2003), республикалык айтыштардын видео, аудио кассета, компакт-­дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» ада­бий клубу негизделип, КТРКнын «Айтыш», «Че­чен айтыш», «Бетме‑бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат.