АЛАУДИН ЭГИРИН-ДИОПСИД КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:06, 11 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛАУДИН ЭГИРИНЗ-ДИОПСИД КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Айдаркен шаарынан 15 км аралыкта. 1982-ж. табылган. Алаудин сайынын башатында. Мореналык катмардын арасында пироксениттин жумуру ж-а келки таштарында тунук ачык жашыл түстөгү эгирин-диопсид минералдарынын уя сымал топтолуштары кездешет. Алардын туура кесилиш өлчөмү 2‒12 ммден 30 ммге чейин. Эгирин-диопсид зер буюмдарды жасоого жарактуу.