АНГИНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:38, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АНГИНА (лат. ango – кысам, муунтам) – катуу  кармаган жугуштуу оору. Анда алкымдагы бадам сымал без сезгенет. Көбүнчө балдар, о. эле
чоң кишилер да ооруйт. Аны стафилококк, стрептококк ж. б. ириңдетүүчү микроорганизмдер пайда кылат. Алар соо адамга бейтап  пайдаланган түрдүү буюмдар (мис., сүлгү, идиш-аяк) аркылуу жугат. Айрым учурларда А-ны бадам сымал бездин чуңкурчаларында, ооз 
Ангинадан жабыркоого учуроочу органдар (стрелка м-н сезгенген бадам сымал бездери көрсөтүлгөн): 1- муундар; 2- жүрөк; 3-кулак (а-ортоңку, б-ички); 4- бөйрөк; 5- лимфа түйүндөрү.

көндөйүндө, кулкунда, тиш тешиктеринде, дайыма болуучу микробдор да козгойт. Ал микробдор демейде киши суукка урунганда, өтө чарчаса, ар кандай оорулар м-н ооруса, көбүнчө сасык тумоодон кийин организмдин коргонуусу начарлаганда А-ны козгойт. Киши өтө муздак тамак жесе, буту суу болуп же муздак сууга түшсө ооруп калышы мүмкүн. А. капысынан башталып, тамак кычышкансып, ачышкансып, эч нерсе жуткузбайт, дене ысып, баш ооруйт, чыйрыктырат. Оору 7-8 күнгө созулат. А. катардык (бездер сезгенип, кызарат), фолликулярдык (бездерди майда, ириңдүү кебер каптайт) ж-а лакуналык (бездер бүт ириңдейт) болуп бөлүнөт. А. бат-бат кайталанып өнөкөт түрүнө өтсө, анын кабылдоосу бөйрөк, жүрөк ж-а муун ооруларын, өзгөчө кызыл жүгүрүктү пайда кылуусу мүмкүн. Дарылоодо төшөккө жаткырып, тамакты чайкап, эзиле бышкан суюк, витаминдүү тамак берүү керек ж-а сульфаниламиддер, антибиотиктер колдонулат. Аны алдын алууда денени чыңдоо, суукка урунуудан сактануу чоң мааниге ээ.